Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.04.2018 11:04

«Сөөгү жиликтелген кыз эстен кетпейт»: Соттук-медициналык эксперт Т.Мукашев өлүкканадагы окуяларын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соттук-медициналык экспертиза кызматынын бөлүм жетекчиси болуп эмгектенген Талантбек Мукашев жылына 120-130 адамдын жансыз денесине кароо жүргүзөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Талантбек Мукашев 1968-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.

«Мен №50 орто мектепти аяктап, 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшыргам. Аны 1992-жылы аяктадым. 1992-жылдан баштап эле соттук-медициналык эксперт болуп эмгектенип келем. Алгач жалпы экспертиза бөлүмүндө өлүктөргө кароо жүргүзүү жана жабыркагандарды кабыл алуучу болуп иштедим. 2008-жылдан тарта Ысык-Ата райондук соттук-медициналык экспертиза кызматынын жетекчиси болуп иштеп келгем. Учурда ушул эле райондук соттук-медициналык экспертиза кызматынын бөлүм жетекчиси болуп эмгектенем», - деди ал.

Талантбек Мукашев талыкпаган эмгегинин арты менен көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

«Ош окуясында курман болгондорго соттук-медициналык экспертиза жүргүзүп, ошонун негизинде эки кишиге ИИМ медаль берген. Андан башка көп ардак баракчалар менен сыйландым.

Бир жылда орто эсеп менен 120-130 адамдын денесине кароо иштерин жүргүзөбүз. Алардын ичинде бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөндөр, өз өмүрүнө кол салып өлгөндөр, сууга чөгүп жана жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондор бар. Негизи бул кесипке бардык эле адам келе бербейт. Ошол себептен, Кыргызстандагы бардык соттук-медициналык эксперттерди кошкондо жүздүн тегерегиндеги эле адам болобуз», - деди ал.

Мукашев иш убактысындагы эсинде калган окуясын айтып берди.

«Биздин иште көп окуялар болот. Анын эӊ оор, эӊ эсте калганын айтып берейин. Мындан 3-4 жыл мурда болсо керек. Бизге сөөгү жиликтелип, денеси бөлүнүп калган кызды алып келишти. Аны селсаяктар эртеӊ менен акыр-чикир салынуучу челектерди аӊтарып жатып таап алышып, андан соң милицияга айтышкан экен. Канда калган из менен ошол күнү эле кылмышкер табылган.

Иликтеп көрсөк, кызды алгач балка менен башка чаап өлтүрүп, андан кийин денесин бөлүп-бөлүп салыптыр. Ошол окуяны такыр унута албайм. Ушундай оор кылмыш иштерин иликтегенде түшкө ар кандай нерселер кирип, чоочуп ойгоносуӊ. Бирок бул биздин иш.

Студент кезде практикага чыкканда алгач коркуп, кийин бара-бара көнүп кеткенбиз. Азыр коркуу сезим жок.

Азыр студенттер өндүрүштүк практикага келип жатышат. Биз учурда аларга уюлдук телефон көтөрүп кирүүгө тыюу салып жатабыз. Себеби, сүрөткө тартып, аны интернетке жарыялап, элдин маанайын бузуп, психологиясына таасир берет. Өзүбүз да телефонубузду өчүрүп киребиз», - деди ал.

Талантбек Мукашевдин медицина кызматкери болуп калуусуна ата-энеси таасир берген.

«Ата-энем медицина кызматкерлери. Ошол себептен мен да ушул медицина тармагын тандап алгам. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Жубайым экөөбүздүн 3 бала, 2 неберебиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×