Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

«Жеңеке»: Дзюдо менен 11 жыл машыккан спортчу Гүлсүндүн келиндик доордогу кызыктуу окуялары (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы тургуну Гүлсүн Азаева 11 жыл дзюдо менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлсүн Азаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1988-жылы төрөлгөн.

«Караколдогу №1 гимназия-интернатынан билим алып чыгып, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшыргам. Спорттун дзюдо түрү менен 11 жыл машыгып жүрүп, белимди жана бутумду кокустатып алгандан кийин спорттон кеткем. Спортко барышыма ата-энем түрткү болду. Өз учурунда Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду алып, Азия чемпионаттарына чейин катышкам», - деди ал.

Спортчу жеӊе 2012-жылы турмушка чыккан.

«2012-жылы турмушка чыктым. Азыр үч баланын энесимин. Ал эми жолдошумдун жаккан мүнөзү — айткан сөзүнө турат.

Жашообузда көп кызыктуу окуялар болду. Кышында биздин унаа бузулуп, айдап бара жатканда ичи түтөп кетчү. Ошол үчүн терезени ачып коюп айдасак, башкалар бизди карап таӊкалып калышчу. А, биз үшүгөнүбүздү билгизбей, ысып бара жаткан кишидей болуп койчубуз.

Жаңы келин болуп келгенде жүгүнөйүн десем, кайнагам менден уялып кача берчү», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
×