Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Орто Азиядагы эӊ биринчи аял хирург: 100 жаштагы К.Рыскулованын илим жолу эки агасынын дарыяга агып каза болушу менен башталган

Turmush -  Какиш Рыскулова Орто Азия боюнча эӊ биринчи аял хирург болгон. Ал эл агартуунун мыктысы, КРдин эмгек сиӊирген дарыгери, КРдин илимине эмгек сиӊирген ишмер, медицина илиминин доктору жана профессор наамдарына татыган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Залкар илимпоз-агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин жээни Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Кант районунун (азыркы Кант шаары) Четинди айылында төрөлгөн. Анын ысымы Кант шаарындагы №2 мектеп-гимназиясына берилген.

«Менин улуу ата-тегим Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор жана Чүй өрөөндөрүндө көчмөн жашоодо жашаган. Таекем Ишеналы Арабаев өзүнүн уруусун Чүй өрөөнүндөгү Четинди айылына алып келиптир. Бул жерден болсо "ТОЗ" кооперативин уюштурушкан экен.

Атам Рыскул Саралаев 1879-жылы төрөлсө, апам Жумагүл Саралаева 1902-жылы төрөлгөн. Атам менен апамдын көптөн күтүп жарык дүйнөгө келген кызы болдум. Менин төрөлгөнүмдүн урматына байгелер коюлуп чоӊ той өткөрүлгөн экен. Атам "аткарылбай калган мүдөөмдү, максаттарымды ушул кызым аткарсын" деп батасын берген экен.Менден кийин Канымжан деген сиӊдим, Бекиш иним, Бейшенгүл деген сиӊдим төрөлдү.

Атамдын бир тууганы Борончу менен жеӊем Куляпиянын Зарлык жана Төлөбек деген уулдары жана Калый аттуу кызы төрөлгөн. Борончу агам менен Куляпия жеӊем Улуу Ата Мекендик согушта зор эмгек кылгандыгы үчүн медаль менен сыйланышкан. Атам каза болгондон кийин Борончу байкем анын керезин аткарып, бизди окутмак болду. Ошондо анын уулу Зарлык экөөбүздү алып, Аламүдүн дарыясынан өтүш керек эле. Алгач ат менен Борончу агам мени аркы өйүзгө өткөрүп койду да, тигил жакта калган Зарлыкка кетти. Бирок экөө кайрадан берки өйүзгө өтөрдө каргаша болуп, ат дарыянын бурганактап аккан шарына туруштук бере албай, Борончу агам менен Зарлык байкемди кошо агызып кетти. Анда мен 9 жашта болчумун. Мен жакын аралыктагы айылга жардамга чуркадым, бирок баары бир кеч болуп калган. Борончу байкемдин жансыз денесин таптык да, Зарлыкты таппай калдык. Бул өкүнүчтүү окуя менин жүрөгүмдө ар дайым калып калды. Бүгүнкү күнгө чейин көз алдыма элестете берем», - деп эскерди ал.

Какиш Рыскулова ата-энесинин эмгегин актап, окууну эң жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган.

«Менин илимге болгон жолум ушундай оор тагдыр менен башталган. Анда 1930-жылы Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө мектебинен билим алып, андан соӊ колхоз жаштарынын мектеп-интернатына которулгам. Ал жактан билим алып чыгып, 1934-жылы Фрунзе шаарындагы республикалык медициналык училищага тапшырдым. Аны 1938-жылы аяктап, Баткен районундагы Палал-Ооз айылында фельдшер болуп эмгектендим. Андан соӊ, Нарын шаардык ооруканада, Тянь-Шань облустук ооруканада кадр бөлүмүнүн жетекчилигинде эмгектенип жүрүп, 1940-жылы Кыргыз мамлекеттик мединститутунун дарылоо факультетине тапшыргам. Ал кезде медицина тармагында билим алуу өтө оор болчу. Ага карабастан талыкпай эмгектенип, сталиндик стипендиянын ээси болуп, аны 1944-жылы аяктадым. Ошондо ушул окуу жайды Кыргызстан боюнча 9 гана кыз окуп аяктадык. 1944-жылга чейин клиникалык аспирантура болгон эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда ушул кыздар үчүн клиникалык аспирантура ачылган.

Жогорудагы чогуу бүткөн 8 кыз теӊ мамлекеттин жетекчилеринин эӊ мыкты колдоосуна татып, саламаттык сактоо тармагына опол-тоодой салым кошушту», - деди ал.

Какиш апа коомдук-саясий иштерге да активдүү катышып, Кыргыз ССРдин Жогорку Кеӊешинин үч жолку депутаты, шаардык кеӊештин депутаты болуп шайланып, 8 жыл Кыргыз ССРдин Жогорку Президиумунун төрагасынын орун басары болуп иштеп, Кыргыз ЦККПнын мүчөсү болгон.

Ал көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга татып, анын ичинен «Ленин» ордени, «Даӊк» медалы, III даражадагы «Манас» ордени, II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

«Мен 250 илимий иштеримди жарыялап, 13 монография, 11 ачылышты, 4 окуу китебин жазды, 47 ойлоп табуучулук боюнча сунуш киргиздим. Менден бир топ окуучулар билим алды. Алардын арасынан 32 илимдин кандидаты, жетөө медициналык илимдин доктору болушту. Учурда дагы окуучуларым медицина илиминде жаӊы ачылыштарды ачып, зор эмгектерди жасап келе жатышат», - деди ал.

Анын учурда 2 уул, 2 кыз жана 5 небере, 9 чөбөрөсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1570
Көп окулду
×