Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

«Соода кылган жеримди тосуп алдыӊ»: Кара-Балтада соодагер менен кайырчы эненин ортосунда жаңжал чыкты (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан мечиттин жанында соодагер менен кайыр сураган балалуу эненин ортосунда чыр чыккан.

Окуянын күбөлөрү аймактык кабарчыга билдиргендей, эки аялдын ортосундагы жаңжал жума күнү чыккан.

«Аптанын жума күнү жоолукчан эже соода кылат. Анткени мечитке келген кишилер көп болуп, эженин товарын сатып алышат. Анын жанында кичинекей баласы менен дагы бир эже кайыр сурап отурат. "Менин соода кылган жеримди тосуп алдыӊ" деп, экөөнүн ортосунда чыр чыкты. Ары-бери өткөндөр жана соодагерлер ортого түшүп, аларды бөлүштүрүп калышты», - деп билдиришти күбөлөр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2193
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×