Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Фото — 16 жаштагы Альбина Адамова Токмоктун сулуусу деп табылды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында «Токмок сулуусу-2018» кароо-сынагы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган сынакка жалпы 7 кыз катышып, маданий иш-чара Токмок шаардык маданият үйүндө болуп өттү. Сынактын жыйынтыгында «Токмок сулуусу-2018» наамына Токмок индустриалдык педагогикалык колледжинин 16 жаштагы студенти Альбина Адамова ээ болду. Ал эми «Токмок вице-сулуусу-2018» наамына Токмок медициналык колледжинин 19 жаштагы студенти Сабина Абдульменова ээ болсо, «Токмок жаз сулуусу-2018» наамына Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун 19 жаштагы студенти Медина Саякбаева татыктуу болду.

Тема боюнча: Фото — Жети бийкеч «Токмок сулуусу-2018» наамы үчүн ат салышат

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Көп окулду
×