Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Айыл турмушу: 25 жаштагы З.Жумаева тамактын үч түрүн жасоо менен киреше табат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 25 жаштагы тургуну Зубида Жумаева 5 жылдан бери той ээлерине манты, чүчбара тамактарын буйрутма менен жасап берип, киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнүнө 30 килограммга чейин манты, чүчбара жасайт.

«Алгач буйрутма бергендер бүгүнкү күнгө чейин алып турушат. Кардарларымдын баары "сенин манты, чүчбараларың өтө даамду, сен муну чын дилиң менен жасаганың билинип турат" деп айтышат. Ар бир таңды жакшы маанай менен тосуп, ойгонуп, ишимди да жакшы маанай менен баштайм. Эгер тамакты жакшы маанай менен жасап баштасаң ал ошончолук даамдуу болот. Тамакты таза малдын этин атайын тандап алып келип жасайм. Үйгө өзүбүзгө кандай тамак даярдасам, кардарларыма да так ошондой жасап берем. Ошондой эле ичине быштак жана картошка салынган чүчбараларды (вареники) да жасайм. Күнүнө аталган тамактардан 20-30 килограмм сатып жетишем. Мага кафелер, той ээлери жана чакан кече, туулган күн өткөрүп жаткандар да буйрутма беришет. Чүчбаранын 1 килограммы 200 сом, быштак, картошка менен жасалган чүчбара 100 сом, ал эми манты 250 сом болот», - деди ал.

З.Жумаева 1993-жылы Кант шаарында төрөлгөн. Ал 3 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2324
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×