Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 21.04.2018 10:00

Сокулукта 7-апрелде каза болгон А.Итикеевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Сокулук районунун Кайназаров айыл аймагына караштуу Туз айылында 7-апрель окуясында окко учуп каза болгон Алтынбек Итикеевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Улан Эмилбеков билдирди.

«7-апрелдеги окуяда биздин айыл аймакка караштуу Туз айылынын тургуну Алтынбек Итикеев окко учуп каза болгон. Анын жаркын элесине арнап футбол мелдешин өткөрдүк. Ага Белек, Туз, Чат-Көл айылдарынан келген футболчулар катышып, байге фонуда 5 000 сом коюлду» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×