Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: Обончу жана аткаруучу Р.Серебаев гастролдогу кызыктуу окуяларын айтып берди (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 54 жаштагы тургуну Рысбек Серебаев 32 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет. Ал Токтогулдун бир айылындагы сөзгө чечен элине баа берип, карыянын тамашасына кабылганын али күнчө унутпайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Менин бала кезим Талас районунун Талды-Булак айылында өттү. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжесимин. Ата-энеден эрте ажырадым. Билим жолум болсо, Талды-Булак айылындагы орто мектептен башталды. 3-класс кезимде агам аккордеон үйрөтүп, ошондон баштап бала кезимен чыгармачылыкка аралаштым. Андан соӊ 10-классты бүтүп, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында эстрадалык студияны окуп жүрүп, советтик армияга кеттим. Ал жактан дагы чыгармачылык оркестринде үйлөмө аспапта ойнодум. Аскерден келгенден кийин Токмок шаарындагы маданият колледжин аяктадым», - деди ал.

Обончу жана аткаруучу Рысбек Серебаев чыгармачылыкта көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

«Чыгармачылыкта бир канча кыйынчылыктар кездешти, ага карабастан 1986-жылдан бери ушул чөйрөдө жүрөм. Эмгектин үзүрү менен "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы, райондук, облустук мамлекеттик администрацияларынын грамоталары менен сыйланып келем.

Өзүмдүн калемиме таандык обондорум бар. Келинчегим сөз жазат, анын акындык жайы бар. Мен обон чыгарып коем. Экөөбүздүн "Ыр кесе" деген обонубуз, "Ноорузум", "Кант шаары керемет" деген ырларыбыз бар. Учурда тойлорго тамадалык да кылам. Мындан тышкары Кант шаардык маданият үйүн 15 жылдан бери жетектеп келем.

Жашоодо өкүнгөнүм, ушул ийгиликтериме ата-энем күбө болсо эмне аттиӊ дейм. Сүйүнгөнүм болсо, тун уулум төрөлгөндө кубанычым чексиз болгон. Ал уулум азыр 28 жашка чыгып, 2 баланын атасы болду. Жубайым экөөбүз 30 жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келе жатабыз. Экөөбүз 1 уулдуу, 3 кыздуу жана 4 неберелүү болдук», - деди ал.

Рысбек Серебаев чыгармачылыкта көптөгөн кызыктуу окуяларга туш келген.

«Талас элдик театрында иштеп жүргөндө, Токтогул өрөөнүнө концерт коюп бардык. Администраторубуз калыӊ жана кара муруттуу Асылбек деген байке эле. Ал экөөбүз афиша илгени бир айылга бардык. Клубуна барсак, эшигинде кулпу турат. Эки жакты карасак, жакын жерде огороддо кетмен чаап бир чал жүрөт. Анын жанына барып, "ой ата, клуб башчысын каяктан табабыз?" десек, ал абышка асманды карап алып "ой чөп тиштеген карга каяктан учуп келген?" десе, биз да кошо асманды карап алыптырбыз. Көрсө Асылбек байкенин мурутуна тийишип жаткан экен», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1667
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×