Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Пенсионердин алтын сөйкө-шакектерин чечип кеткен: Кылмышка шектелип 27 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Панфилов районунун Чалдовар айылында пенсионер аялды коркутуп, алтын сөйкө-шакектерин чечип алуугу шектелген жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалы болгондой, Панфилов РИИБдин мөөнөт бөлүмүнө 3-апрелде болжол менен саат 20:00 чамасында Чалдовар айылындагы улгайган аялдын үйүнө терезеден белгисиз жигит секирип түшүп, үй ээси тагынып турган алтындан жасалган зер буюмдарын чечип кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган дарекка ыкчам-тергөө тобу барып, окуя Луговая көчөсүндө жашаган 1940-жылы туулган Н.Л.дин үйүндө болгонун аныкташкан.

15-апрелде аталган кылмышка шектүү делген Чалдовар айылынын 1991-жылы туулган Талант М. аттуу жергиликтүү тургуну кармалып, 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренеси менен соттолгондугу аныкталды.

Кармалган жигит күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөөчүлөргө алтындан жасалган зер буюмдарды Сокулук районундагы күрөөканага 3500 сомго бергендигин билдирген.

Шектүү Панфилов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп, анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1156
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×