Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 18.04.2018 18:01

‎ Сокулукта «Сары-Өзөн чолпондору» фестивалы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Сары-Өзөн чолпондору» фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган фестиваль өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекованын жетекчилиги астында өтүп, маданий иш-чаранын ачылышын Сокулук районунун акими Т.И.Корголдоев ачып берди.

Фестивалга райондун ичинен тандалып алынган жаш таланттуулар, комузчу, ырчы, бийчи өспүрүмдөр катышты.

Фестивалды өткөрүүгө өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондунан 1 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×