Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Жаш талант: Тамашоучу А.Кеӊешбековдун командасы «Эӊ мыкты тайпа» наамын жеңишти (видео, фото)

Turmush -  Кантта өткөн КВНге 15 тайпа катышып, анын 8 тайпасы жарым финалга өттү. Бул жолку сынакта 1-орунду «ЖашStars» тайпасы өзүнүн өзгөчө интермедиялары менен камсыз кылып, «Эӊ мыкты тайпа» деген наамга жетишишти. Аймактык кабарчы аталган тайпанын капитаны Айбек Кеӊешбеков менен таанышты.

«Бардык эле тамашалар жакшы болду. Эӊ акыркы тамаша музыка коштолгон интермедия болчу. Айылдык менен шаардыктардын образын жараттык. Шаардыктар айылдыктарды жамандап, текеберленгенин чагылдырдык. Бул тамашанын идеясы ата-энем болуп сүйлөшүп отуруп чыкты. Себеби ата-энем айылда өскөн кишилер. Өздөрүнүн башынан өткөн окуяларын айтып беришкен. Аны болсо биз көркөмдөп жазып, иштеп чыктык. Кудай буюрса жарым финалга өттүк. Эми финалда да жеӊебиз деп ойлоп жатабыз», - деди ал.

Жаш талант Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында 2001-жылы 6-декабрда төрөлгөн.

«№2 Киров орто мектебинде билим алам. Мага мектепте география, дене тарбия сабактары жагат. Ал эми КВНге жаш кезимен бери кызыгам. Сыналгыдан КВНдерди көрүп, ушулардай чоң КВНщик болсом деп тилек кылып келчүмүн. Кудай буюрса ошол тилегиме акырындан жетип келе жатам. Ысык-Атанын курама тайпасына келгениме 1 жыл болуп калды. Мындан сырткары КВНди мектептерде уюштуруп жүрөм. Өткөн жылдын аягында, тактап айтканда 24-декабрда Ысык-Атада КВНдин финалы болуп, ага биздин тайпабыз катышып, 3-орунду алдык.

Интермедияларды өзүбүз жазабыз. Аны болсо турмушта болуп жаткан окуялардан алабыз. Келечекте белгилүү инсан болсом дейм. Күлкү жаатында актербу же КВНщикпи, айтор куудул жагын тандагым келет», - деди ал.

Айбек келечекте ата-энеси тандап берген кызга үйлөнөрүн жакындарына убада кылган.

«Болочоктогу келинчегимди чыгармачылык чөйрөдөн элестетпейм. Анткени ал үйдө отуруш керек, апама жардам бериши керек. Ата-энем айткан кызды алам деп убада берип койгом. Мен өзүм каалаган кызга үйлөнбөйм. Муну кичинемден бери айтып келем. Ата-энеме кандай кыз жакса, ошону алам. Ал эми ата-энем тапкан кыз ыймандуу, акылдуу болот деп ишенем», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

«Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын, 2 эжем бар. Алар өз турмуш жолун таап кетишкен, улуу эжем 5 балалуу, андан кийинки эжем 4 балалуу болду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1303
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×