Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 18.04.2018 11:45

Фото — Жети бийкеч «Токмок сулуусу-2018» наамы үчүн ат салышат

Turmush -  Токмок шаарында «Токмок сулуусу-2018» кароо-сынагы өткөрүлөт. Учурда аталган сынакка 7 катышуучу катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сынактын уюштуруучуларынын бири Насима Бурганова билдирди.

Анын айтымында, сынак Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Токмок шаарындагы таланттуу окуучуларды, студенттерди колдоо, аларды өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

«Сынак ушул жылдын 20-апрелинде өткөрүлөт. Демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп, катышуучуларга баалуу белектер берилет жана 1-орунду багындырган жеңүүчүгө бийиктиги 30 см болгон айнектен жасалган кыздын стауэткасы, грамота тапшырылат. Ошондой эле, башына таажы кийгизилет. Сынакка 16 жаштан 20 жашка чейинки окуучу жана студент кыздар катыша алышат», - деди ал.

Сынакка катталган кыздардын тизмеси:

- 19 жаштагы Медина Саякбаева, Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун студенти;
- 16 жаштагы Кулпунай Шамшыбекова, №5 орто мектебинин окуучусу;
- 18 жаштагы Айгүл Айбекова, Токмок агроөнөржай колледжинин студенти;
- 16 жаштагы Альбина Адамова, Токмок индустриалдык педагогикалык колледжинин студенти;
- 19 жаштагы Сабина Абдульменова, Токмок медициналык колледжинин студенти;
- 16 жаштагы Альбина назарбаева, №5 орто мектебинин окуучусу;
- 18 жаштагы Гузалия Бакенова, №23 лицейинин студенти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×