Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Үй-бүлөлүк жаңжал: Беловодск айылындагы аял уруш учурунда күйөөсүнө бычак сайып өлтүрдү

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылында үй-бүлөлүк жаңжалдын кесепетинен аялы күйөөсүнө бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Москва РИИБге 14-апрель күнү адам өлтүрүү тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, 36 жаштагы Х.А.нын (эркек киши) зомбулук менен өлтүрүлгөн денесин табышкан.

РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү катары каза болгон адамдын аялы колго түшүрүлдү. Кийинчерээк белгилүү болгондой, үй-бүлөлүк жаңжал учурунда шектүү күйөөсүн ашкана бычагы менен сайып жиберген. Ал алган жаракатынана улам ошол жерде көз жумган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, шектүү аял камакка алынды. Териштирүү иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2061
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×