Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Жайыл районунда карачылыкка шектелген токтогулдук эки тургун кармалды

Turmush -  Жайыл районундагы Сосновка айылында жайгашкан ЖКККБнын өткөрмө пунктунда сузактык тургунду коркутуп, баалуу буюмдарын жана акча каражатын тартып алууга шектелген Токтогул районунун 21 жаштагы Ж.Б. жана К.Ч. аттуу тургундары кармалышты.

ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-апрелде Жалал-Абад облусундагы Токтогул РИИБге Сузак районунун 34 жаштагы жашоочусу кайрылып, ушул эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Чычкан капчыгайынан азиат түспөлүндөгү төрт адам курал менен коркутуп, ноутбугун, уюлдук телефонун, 20 миң рубль жана 15 миң сом акча каражатын күч колдонуп тартып алышканын билдирген. Ал жалпы 80 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.

Жогорудагы факты Токтогул РИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесинде катталып, шектүүлөрдү кармоо үчүн башка бөлүмдөргө багыттамалар жөнөтүлгөн.

11-апрелде болжол менен саат 10:30 чамасында Сосновка айылында жайгашкан ЖКККБнын өткөрмө пунктунан Чүй облусу боюнча ЖКККБнын Жол көзөмөлдөө кызматынын взводунун кызматкерлери шектүү болгон кара түстөгү жана арткы бампери жок «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Автоунааны текшерүү учурунда ичинен белгисиз үлгүдөгү 2 даана ок, 3 уюлдук телефон жана 2 ноутбук табылган. Автоунаа жана кармалган Токтогул районунун 21 жаштагы Ж.Б. жана К.Ч. аттуу тургундары Жайыл РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, иликтөө иштери уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 567
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×