Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Кан тамырын кескен окуучулардын видеосу: Чүй районундагы 3 мектептин жетекчилери өспүрүмдөрдүн окуясын түшүндүрүштү

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Кызыл-Аскер айылында жайгашкан Жайнак Саадаев атындагы орто мектебинин 5-7-8-классынын жана Кошой айылындагы орто мектептин окуучулары кан тамырларын кескилеген тасманы бири-бирине таратып жатат деген маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн аймактык кабарчы тиешелүү түзүмдөргө кайрылды.

Чүй райондук мамлекеттик администрациясы учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын, бирок окуучулар колун кескен фактылар катталбагандыгын билдиришти.

«Жалпы орто билим берүү жайларына жасалган кезектеги профилактикалык иштердин натыйжасында Кызыл-Аскер айылындагы Ж.Саадаев атындагы орто мектебинде окуган айрым окуучулардын колдорунан тытылган тактар аныкталган. Сураштыра келгенде, алар балалык шоктук менен колдорун тытып алышкан. Ал эми, колундагы тамырларын атайын кескилеген фактылар аныкталган жок. Ата-эне, мугалим жана окуучулар арасында жыйналыштар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүрдү», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Кызыл-Аскер айылындагы Жайнак Саадаев атындагы орто мектебинин директору Назира Осмонкунова окуучулар кан тамырын кесип салды деген интернеттеги маалыматтар жалган экендигин билдирди.

«Биз 2 күндөн бери "Көк кит" оюнун ойногон окуучулар тамырларын кесип жатыптыр деген маалыматты угуп, аябай жаман болдук. Мындан улам биз бардык окуучулардын колун текшердик. Мен азыр 100 пайыз далил болуп бере алам. Бизде колун кескен бир дагы окуучу катталган жок. Ооруканада да катталган эмес. Мындай жалган маалыматтын интернет булактарына тарап кеткенине биздин мектептин эмгек жамааты нааразы. Биз жыл башында эле мектепке уюлдук телефон көтөрүп келүүгө тыюу салганбыз. Экинчиден, бул айылда интернет начар тартат. Бул мектепте жалпы 75 окуучу билим алат», - деди ал.

Ал эми, Кошой айылындагы орто мектептин директору Айнура Турдубаева да бул маалымат жалган экенин тастыктап, эч кандай факты катталбаганын айтты. Ошондой эле, Кегети айылындагы орто мектептин директору Акжолтой Сатыбалдиева эки окуучу кыздын колу тытылып калганын көрүп, ата-энесин чакырткан. Ата-энелер мектеп директоруна кыздары малина терип, колдору тытылганын билдиришкен.

Буга чейин өспүрүмдөр өзүнүн денесине өзү зыян келтирген тасма Чүй районундагы мектеп окуучуларынын арасында тарап жаткандыгын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы АКИpress маалымат агенттигине билдирген болчу.

Маалым болгондой, 10-апрелде РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери WhatsApp жана Messenger социалдык түйүндөр аркылуу тараган окуучулардын шектүү видеолорун аныктап, текшерүүгө алышкан.

«Бул тасмада өспүрүмдөр колдоруга кантип так калтырып жаткандары көрсөтүлгөн. Бул тасманы окуучулар бири-бирине таратышкан», - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери шектүү тактары менен жүргөн бир топ окуучулар тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү максатында Чүй райондук ички иштер бөлүмү райондук билим берүү бөлүмү жана Чүй райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте атайын комиссия түзүшкөн. 11-апрелде аталган тасма боюнча атайын комиссия окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Милициянын алдын ала маалыматтарына караганда, жашы жете элек өспүрүмдөр «Көк кит» өңдүү оюндарына тартылган эмес. Азыркы тапта ички иштер органдары райондук мамлекеттик администрациясынын балдар менен иштешүү комиссиясы менен биргеликте текшерүү иштерин улантууда, ошондой эле профилактикалык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3009
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×