Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Кызыл-Тууда 7-апрелде каза болгон К.Бекбоевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында 7-апрель окуясында окко учуп каза болгон Канат Бекбоевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл ѳкмѳт башчысы Замир Нурманбетов билдирди.

«Маркум Канат Бекбоев тирүү болгондо 35 жашка толмок. Ал 1983-жылы төрөлгөн. Анын классташтары мал союп, куран окутушту. Биз футбол мелдешине акчалай сыйлык жана кубок алып бердик. Оюнга айылдан 7 команда катышты», - деди ал.

Маркум Канат Бекбоведин артында жубайы жана 2 эркек уулу калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1045
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×