Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Айыл турмушу: А.Салиев мал чарбасын асылдаштыруу максатында сырттан келген бодо малды уй-бээлерине кошууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылынын 57 жаштагы тургуну Анархан Салиев 1990-жылдардан бери чакан айыл чарбасын иштетип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анархан Салиев сырттан келген асыл тукум букаларды жана жылкыларды жергиликтүү кыргыз уйларына, бээлерине кошуп, алардан тукум алуу Кыргызстандын жер шартына туура келерин баса белгиледи.

«Мен 1990-жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келем. 1997-жылы ушул аймактан жер бөлдүрүп алып, чакан мал чарба куруп, иштетип баштаганбыз. Өзүмдүн кесибим — жолчу. Айыл чарбаны көтөрүү максатында Юстиция министрлигинен айыл чарба багытында атайын документ алдым. Андан соң, трактор алып, жер иштетип, мал чарбаны өнүктүрүп, акырындан иштеп жатабыз.

Кээ бир чет өлкөдөн келген асыл тукум жандыктар биздин шартка көнө албайт экен. Андан биз тукум алып, ошол тукумун жер шартыбызга көндүрүп жатабыз. Маселен, Украинадан биздин айылга бир айгыр алынып келинген. Ага бир бээмди кошуп, андан жакшы тукум алдык. Негизи жергиликтиктүү тукумдагы жандыктарды эле кармап келем. Дагы бир бээмди айылда атагы чыккан, ат чабышта көп жолу баш байгелерди жеӊип алган Доллар аттуу айгырга кошуп, андан да тукум алдым. Азыр Швейцариянын уйлары келип жатат. Аны биздин шартка жетелеп багыш керек. Ар дайым жакшы көзөмөл керек экен. Бирок биздин тоого, жайытка болбойт экен. Ошол себептен анын букасына кыргыз уйду кошуп, жакшы бир музоолорду тукумга алса болот. Андан алган тукум 1 тоннага чейин эт, 25 литр сүт берет. Мен азыр бир уюмду ошондой букага кошуп, музоо алдым.

Ортодо мал чарбалар аябай майдаланып, сүттүү уйлардын сүтү, асыл тукум жылкылардын саны азайып кеткен эле. Өзүӊөр билгендей, союз учурунда мал чарбасы атайын илимий изилдөөгө салынып, мыкты окуп келген адистер карап, ошонун негизинде сүттүү уйлар боло турган. Азыр бул көрүнүш кайрадан жанданып калды. Ишкерлер жакшы-жакшы асыл тукум жандыктарды көбөйтүп башташты», - деди ал.

Элеттик ишкер жакын арада мал чарбасын заманбап технологиялар менен курууну пландап жатат.

«Келечекте айыл чарбамды заманбап технология менен кеӊейтип жасайм деген максаттар бар. Кол эмгектин азайтып, жалаӊ техниканын жардамы менен иштөөгө багыттайбыз. Чарбанын ичи таза, кышкысын жылуу, жайкысын салкын кылып жасайлы деп турабыз» - деди ал.

Фермер Жайыл районунун Сары-Булак айылында 1961-жылы 1-январда төрөлгөн.

«Ушул айылдан 9-классты бүтүп, Фрунзедеги авто-жол техникумунан билим алып чыккам. Жолдо 12 жылдай эмгектендим. Үй-бүлөлүүмүн, 3 бала, 1 кыз, 3 неберебиз бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1476
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×