Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 11.04.2018 17:52

Бишкектик тургунга жер алып берүүнү убада кылып, 70 миң сом алган аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Turmush -  Бишкектик тургунга Сокулук районунун аймагынан жер тилкесин алып берүүнү убада кылып, андан 70 миң сом алган аял алдамчылыкка шектелип кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2013-жылы тааныш аял анын ишенимине кирип, Сокулук районунун аймагынан жер тилкесин алып берем деп убада кылып, 70 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде Сокулук РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сокулук райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 58 жаштагы Сокулук районунун Т.А. аттуу жашоочусу кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×