Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Оштук жигитке турмушка чыккысы келбей жоголгон кыз Бишкектен табылды

Turmush -  Кара-Балта шаарынан 26-мартта дайынсыз жоголгон 18 жаштагы М.Тахмина кечээ, 10-апрелде табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал Бишкек шаарында болгондугу такталды. Учурда ата-энесинин үйүнө кайтып келди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аны туугандары оштук жигитке турмушка берүүнү каалашкан. Бирок анын башка жигити бар болгондуктан ага баш кошууну каалаган эмес. Ошондуктан ал 26-мартта жигитиникине кетип калып, анын үйүндө жашап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14034
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×