Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Столду сүзүп, милициянын үстүнөн арыз жазган ууру: Кегетиликтер шектүүнү камактан чыгарбоону талап кылышууда (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылынын тургундары Чүй РИИБдин алдына чогулуп, милиция кызматкерлеринен уурулукка шектелип кармалган 30 жаштагы жигитти камактан чыгарбоону талап кылышууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл тургундары Чыңгыз Жолоев менен Улан Медетовдун айтымында, Кегетиде көп жылдан бери уурулук токтобой, короодогу малдар жана үйдөгү баалуу буюмдар жоголуп келген.

«Биздин айылда уурулук эч токтобой койду. Көп буюмдарыбызды, малыбызды уурдатып, ири чыгымдарга учурадык. Жакында эле аймактык милиция кызматкери аталган жигитти уурдап жаткан жеринен кармап алган болчу. Бирок ал шектүү аймактык милиция бөлүмүнүн жанынан столду сүзүп, «мени аймактык милиция кызматкери урду» деп райондук прокуратурага арыз жазып салыптыр. Ал ушул кылмыш ишинен кутулуп кетүүнүн амалын көрүүдө. Учурда биз жабырлануучулар РИИБдин жанына чогулуп, ууруну камактан чыгарбоо талабын коюп жатабыз», - деп билдиришти алар.

Чүй РИИБдин имаратынын жанына чогулгандар уурулукка шектелип кармалган жигит айылдашы экенин кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1703
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×