Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: Ак-Бекеттин тургуну Ш.Мажакыпова айылдагы эски имаратты бала бакчага айландырган (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылынын тургуну Шакен Мажакыпова жетекчилик кызматтарда иштеп, Кыргызстандагы ийгиликтүү айымдардын катарына кошулган. Аны менен аймақтык кабарчы таанышты.

Учурда ал айылдагы бала бакчаны жетектеп, балдарды тарбиялоого өз салымын кошуп келүүдө.

«Мен 1986-жылы техникумду аяктагандан соң, Кемин районунда 10 жыл технолог болуп эмгектенгем. Ал эми бала бакчаны жетектеп иштеп калышыма мындай себеп болду. Айыл тургундары күндүз жумуш менен алек болгондуктан, алар бала бакча ачуу ишин мага тапшырышты. Ал кезде бала бакча ачыла турган имарат аябай эски эле. Мен бул ишти кубануу менен өз колума алып, айыл тургундарынын ишеничин актоого болгон салымымды коштум. Андан сон, айылдаштарым жетекчиликти өз колума тапшырып беришти. Учурда бала бакчада 50 бала тарбияланып, 10 кызматкер иштейт», - деди ал.

Шакен Мажакыпова 2007-жылы республикалык маданий техникумунда китепканачынын окуусун аяктаган. Кийинчерээк, кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон.

«Кандайдыр бир иш менен алектенүү көптөгөн эмгекти, чыдамкайлыкты талап кылат. Бала бакчаны башынан оңдоп-түзөөгө, азыркы абалына келтирүүгө көптөгөн демөөрчүлөр жардам берип, бир топ долбоорлор жазылды. Учурда жумушчулардын квалификациясын жогорулатуучу тренинг-семинарларга көп катышам. Мындан сырткары, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аялдар уюмунун жетекчиси жана айылдык кеңештин депутатымын.

Чындыгында ийгиликке жетишип, өз айылыбызга салым кошобуз десек, эң негизгиси эч качан баштаган ишти жарым жолго таштабаш керек. Бардык жерде чыдамкай болуп, ишиңди талыкпай жасасаң, сөзсүз жеңишке жетишебиз», - деди ал.

Ш.Мажакыпова 1 кыз, 1 уулдун апасы. Ал Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн, Кемин районунун, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1219
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×