Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Аламүдүндө 42 жаштагы тургунду коркутуп, уюлдук телефонун алууга шектелген көлдүк жигит кармалды

Turmush -  Аламүдүн районунда жергиликтүү тургунду бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун алууга аракет кылган 27 жаштагы көлдүк жигит кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 9-апрелде Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ушул эле күнү Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен коркутуп, «Самсунг» жана «Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан.

Аламүдүн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кармалган кишинин өздүгүн такташкан учурда, ал Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы К.А. аттуу экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 747
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×