Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Сокулуктагы «Риом» унаа базарында өрт коопсуздугу боюнча кемчиликтер аныкталды (видео, фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу «Риом» унаа базарында өрт коопсуздугу боюнча кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери өрткө каршы кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн машыгууда өрт өчүрүүчү унаа белгиленген жайга убагында кире албай, өрттү кечигип өчүргөн.

«Себеби, унаалар жолду тарытып, бири-бирине тыгыз жайгашып калган. Ошондой эле өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчү шаймандарынын айрымдары иштебей калгандыгы аныкталды. Мындай кемчиликтер боюнча катуу эскертүүлөр берилди. Анткени аталган мүчүлүштүктөрдүн айынан экономикалык чыгымдан сырткары, жарандардын өмүрлөрү кыйылып калуусу мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.

Машыгуунун жыйынтыгы менен Мамэкотехинспекциясынын адистери тарабынан «Риом» базарынын жетекчилигине жана унаа сатуучуларга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1175
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×