Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Асыл тукум жылкыларды баккан К.Исиров колундагы бээни 200 миң сомго баалады (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 59 жаштагы тургуну Керим Исиров вламидир тукумундагы жылкыларды багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Булар Россиянын жылкылары. Мурдагы жылы биздин Ысык-Ата районундагы жеке ишкер Алтайдан чоң жүк ташуучу унаа менен асыл тукум жандыктарды алып келген. Алардын арасында вламидир тукумундагы жылкынын кулундары бар экен. Мен ошолордун арасынан ургаачы бир тайды 90 миң сомго сатып алгам. Бул тукум кеч чоңоёт. Бирок чарбага жакшы жана оор жүктөрдү ташыйт», - деди ал.

Керим Исиров вламидир тукумундагы жылкылар көк бөрү, ат жарышка жарабай тургандыгын белгиледи.

«Антсе да муну кыргыз жылкыларына кошуп, атайын көк бөрүгө аргындаштырып алгандар бар. Ошондо күчтүү болот экен. Сойсоң 400 килограмм эт чыгат. Ал эми ушул турушу менен бир тоннага барат. Бою чоңойгондо 1 метр 70 см-1 метр 80 см болот. Булардын ургаачылары кичинекей келип, айгырлары зоот келет. Учурда багып жаткан бээмди 200 миң сомго бааладым», - деди ал.

Фермер мындан сырткары гиссар койлорду да көбөйтүп багып келет. Ал 1959-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыз жана 4 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1206
Көп окулду
×