Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Сокулукта 7-апрелде каза болгон 16 кишинин үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон акчалай жардам берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда 7-апрелде каза болгондордун арбагына багышталып куран окутулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага Сокулук райондук мамлекеттик администрация жетекчилери жана коомдук ишмер, саясатчылар, 7-апрелде жабыр тарткандар, каза болгондордун жакындары катышты.

«Райондон 7-апрель окуясына катышып каза болгон 16 кишинин үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон жана жабыр тарткандарга 5 миң сомдон акча каражаты бөлүнүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 401
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×