Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кант 09.04.2018 15:32 На русском

Айыл турмушу: Э.Бакиров бала кезинде кыялданган кесипке кантип жетти? (фото)

Turmush -  Кант шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн улук офицери Эркин Бакиров бала кезинде кыялданган кесибине жеткендигин аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, атасынын аскер формаларына тестиер кезинен эле кызыгып, формачан адам болууну максат кылган.

«Бала чагым Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда өттү. Мектепти 2008-жылы аяктап, ушул эле жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин геологиялык изилдөө факультетине тапшырып, аны 2013-жылы ийгиликтүү аяктагам. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин кесибим менен иш таап кетүү кыйынга турду. Жеке менчик фирмаларда, заводдордо ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп жатканыма 8 айдын жүзү болуп калды. Чынында жашоодо биз кесипти тандабай эле, кесип бизди тандап калган учурлар болот экен.

Атам аскер адамы болгон. Биз бала кезден анын кийген формаларына суктанып, чоңойгондо ушундай форма кийген аскер адамы болобуз дечүбүз.

Албетте, биздин жумуш оңой эмес. Үйгө абдан чарчап келебиз. Мындан улам баарынан биринчи жатып, уйку кандырып, жакшылап эс алам. Өзүм буга чейин аскердик милдетимди чек ара кызматында өтөгөм. Аскер адамы катары ал жактан алган медаль, алкыш жана мактоо баракчаларым бар. Кудай буюрса элимдин коопсуздугун сактап, ар кандай кырсыктарда өз милдетимди так аткарып, ак кызмат кылам. Келечекке максаттар өтө көп», - деди ал.

Эркин Бакиров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылында 1991-жылы төрөлгөн.

«Мен үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Атам Жумашев Бакир ИИМдин ардактуу ардагери. Көп жылдар бою укук коргоо органында иштеп, азыркы убакта ардактуу эс алууда. Апам Байзакова Айшакан үй кожойкеси. Бизди багып чоңойтуп, азыр неберелерин жыттап, үйдө отурган кези. Эң кичүү иним быйыл мектепти аяктаганы турат. Башкалары турмуш куруп, үй-бүлөлүү болушкан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×