Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 09.04.2018 18:34

Кара-балталык 18 жаштагы кыз изделип жатат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынан дайынсыз жоголгон 18 жаштагы кыз изделип жатат. Жайыл РИИБдин билдирүүсү боюнча, Калинин айылынын жашоочусу Тахмина Махмутжон кызы 2018-жылы 26-мартта саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ал ошол бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 155-160 см чамалуу, чачы узун жана күрөң түстө, орто дене түзүлүштө. Ошол күнү күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү шым кийип, күрөң өңдөгү сумкасы менен ага өңдөш жоолугун алып кеткен.

Тахмина тууралуу маалыматы барлар (0701) 41 17 84 жана (0555) 60 70 74 номурлары аркылуу кабар берсе болот.

Тахмина

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×