Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 09.04.2018 14:14

«Эгиздер»: Актан менен Дастан джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында алдыңкы орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургундары Актан Азыков менен Дастан Азыков джиу-джитсу мушташы боюнча Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн Азия чемпионатында алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга эгиздердин бири Дастан Азыков билдирди.

Анын айтымында, Азия чемпионатына жалпы 14 мамлекеттен спортчулар чакырылып, анын ичинен 10 мамлекеттин 600дөн ашуун спортчусу катышты.

«Бул турнир Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өттү. Мен 1-орунду камсыздасам, эгизим Актан 2-орунду багындырды», - деди ал.

Самбо менен машыккан эгиздер Актан менен Дастан ушул спорттун түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону да аталышкан. Алар Кочкор районунун Орток айылында 2001-жылы төрөлгөн.

«Биз төрөлгөндө Мантыш ооруканасындагылар 21-кылымдын биринчи эгиздери деп аябай сүйүнүшүптүр. Анткени, буга чейин аталган айылда эгиз бала төрөлө элек экен. Учурда ата-энебиз менен чогуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жашайбыз. Бул жердеги А.Турсуналиев атындагы №2 орто мектепте 10-класста билим алып жатабыз.

Күжүрмөн самбо жана джиу-джитсу менен 12 жашыбыздан бери машыгып келебиз. Кыргызстандын ичинде көптөгөн мелдештерге барып жүрөбүз. Жетишкен ийгиликтерибиз абдан көп. Ушул эле спорттун түрү боюнча Россиянын Соль-Илецк облусунда өткөн мелдешке катышып, алдыңкы орундарды багындырганбыз. Быйыл Бишкектеги мелдеште экөөбүз тең Кыргызстандын чемпиону болдук. Келечекте олимпиадалык оюндарга барып, Кыргызстандын желегин желбиретсек деп максат кылып жатабыз», - деди Дастан.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×