Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

«Мени жактырган кыздар чалгыла, турмуш жолуна аттаналы»: Чыпалак баатыр өзүнө жар издеп жатат (видео)

Turmush -  Чыпалак баатыр катары коомчулукка таанылып келе жаткан Зарылбек Аликенов өзүнө жар издеп жаткандыгын аймактык кабарчыга билдирди.

32 жаштагы Зарылбек Аликенов жакында эле социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылып, турмуш куруу үчүн кыз издеп жаткандыгын жарыя кылган.

«Мен социалдык тармактар аркылуу турмуш куруу үчүн кыз издеп жатканымды жарыялагам. Анда "мени жактырган кыздар чалгыла, турмуш жолуна аттаналы" деген элем. Андан бери бир жарым ай өттү. Бул убакыттын аралыгында 20дан ашуун күйөрман кыздарым чалды. Айрымдары мени менен тең болсо, кээ бирөөсү кичүү экен. Бирок мага ылайыктуусу болбой жатат. Өзүнүн убакыт-сааты чыкпай жатат окшойт. Кудайым буюрган күнү үйлөнөм да. Мага жаккан кыздарга чалсам, алар мени менен жакшы сүйлөшпөй жатышат. Мен аларга "аман эле болгула" деп жооп берип коюп жатам. Мен кыздарды тандаган жокмун. Байлыгына же сулуулугуна кызыккан жокмун. Эң башкысы ыймандуу, мүнөзү жакшы кыздарды издеп жатам» - деди ал.

Буга чейин Чыпалак баатыр катары коомчулукка таанылып келе жаткан Зарылбек Аликенов Turmush басылмасына маек берип, чыгармачылыгы тууралуу сөз кылган. Ал 1986-жылы 21-апрелде Ысык-Ата районундагы Жетиген айылында төрөлгөн.

Өзүнүн айтымында, окуучу кезинде эле күчтүү болуп, эки баланы бир учурда көтөрүп чапчу.

«Мен Рот-Фронт орто мектебинен билим алдым. Окуучу кезимде күчтүү болуп, 2 баланы бир көтөрүп чапчумун. Ал эми мектепте мага математика жана дене тарбия сабактары абдан жакчу. Математикадан калькулятор менен эсептеп чыгаруучу эсептерди ооз эки чыгарып койчумун. Бала кезде абдан оюнкараак элем. Брюс Линин тасмаларын калтырбай көрүп, короодору өрдөктөр менен мушташа берчүмүн.

Мектепти 2003-жылы аяктадым. Бирок жогорку окуу жайда билим алганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кийин 2009-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын опера бөлүмүнө тапшырдым. Бирок аны толук бүтпөй, окуудан чыгып кеткем. Менин туугандарымдын көбү ырчы жана спортчулар.

18 жашымда эле менин өзгөчө талантым элге билине баштаган. Ошондо эле оор буюмдарды көтөрүп же сүйрөп койчумун. Атамдын достору "балаңдан күчтүү спортчу чыкмак" деп айтышчу экен. Бирок мен ошол кезде спортко кызыкпаптырмын. Жада калса улак тартышка да катышкан эмесмин. Эми минтип өз өнөрүмдү Чыпалак баатыр катары тааныта баштадым. Мен Ташчайнардан мурун чыкмакмын. Бирок өз учурунда демөөрчү жок чыга албай жүргөм», - деди ал.

Чыпалак баатыр 24 килограммдык гиряны чыпалагы менен 25 жолу көтөрөт.

«Ушул өнөрүмдүн арты менен Токмок, Кара-Балта шаарларында өткөн тойлорго буйрутма менен барып жүрөм.

Шаардан курулушка, унаа жуучу жайга, күзөт агенттиктерге жана башка ишканаларга жумуштар көп эле чыкты. Бирок мен андай жумуштарга иштей албайт экенмин. Мындан улам өз өнөрүм менен элди таң калтырып, ушул жаатта иштеп жатам. 24 килограммдык гиряны чыпалак менен 25 жолу көтөрөм. Ал эми 40 литрлик 2 челек сууну чыпалак менен көтөрүп, үйгө ташып келем.

Жактырып жеген тамагым көп. Негизи тамакты тандабай жейм. Ал эми кыргыз эстрада жылдыздарынан Мирбек Атабековдун ырларын жакшы көрүп угам», - деди ал.

Зарылбек Аликенов үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу, андан кийин 3 карындашы бар.

«Атам Тарас 1960-жылы, апам Салтанат 1968-жылы төрөлгөн. Атамдын атын Тарас деп чоң апам койсо керек. Ал киши казак элинин кызы. Ал эми өзүм учурда бойдокмун. Ушул жылы үйлөнөйүн деп жатам. Келечекте Чыпалак баатыр катары дүйнө жүзүн кыдырып, башка өлкөлөргө таанылып келүүнү пландап жүрөм», - деди ал.

Тема боюнча: «Салам, Кыргызстан!» телекөрсөтүүсүнүн токтотулушуна менин тиешем жок, - Чыпалак баатыр

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3549
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×