Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуКемин району 07.04.2018 12:42

Кеминде «Кургак учукту бирге жеңебиз» сынагы өттү

Turmush -  Кемин районунда кургак учук оорусун алдын алуу максатында «Кургак учукту бирге жеңебиз» КВН сынагы өттү. Бул тууралуу айамктык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, ага Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев атындагы орто мектеби, Бейшеке айылындагы А.Койгелдиев атындагы орто мектеби, Самансурдагы О.Коңурбаев атындагы орто мектебинин окуучулары катышты. Анда жугуштуу ооруну алдын алууга боло тургандыгы көрсөтүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду А.Казакбаев атындагы мектеп, 2-орунду А.Койгелдиев атындагы мектеп менен О.Конурбаев атындагы мектеп ээледи. Аларга Кемин райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызыктыруучу белектери тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×