Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Кеминде Апрель окуясы эскерилди (фото)

Turmush -  Кемин районунун Кемин шаарынын «Жеңиш» аянтында Элдик ыңкылаптын 8 жылдыгына карата 7-апрелде каза болгон баатырлардын жаркын элесине арналган митинг-реквием өткөрүлдү. Алардын арбагына багышталып куран окутулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага курман болгон баатырлардын ата-энелери, бир туугандары, жакындары, жабыр тарткандар, райондогу аксакалдар, мекеме-уюмдардын жетекчилери, мектеп окуучуларынан жалпы 200гө жакын адам катышты. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан каза болгон баатырлардын жакындарына, жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 751
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×