Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 06.04.2018 17:32

Ысык-Атада өспүрүмдөр арасында футбол боюнча турнир өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Ата РИИБ жана райондук жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан футбол боюнча турнир уюштурулуп, ага өспүрүмдөр катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, турнир Кант шаарында «Биз жол эрежесинин коопсуздугу үчүн күрөшөбүз!» аттуу ураандын астында өттү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок тапшырылып, катышуучуларга баалуу белектер берилди.

Турнирдин башкы максаты — өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс кармап, сергек жашоого үндөө жана жол кырсыгын алдын алуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×