Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Ысык-Атада 7-апрелде курман болгондор эскерилди (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунда Элдик революция күнүнө карата 7-апрель окуясынын курмандыктары эскерилип, куран окутулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кант шаарындагы Апрель революциясынын катышуучуларына коюлган эстеликтин жанында эскерүү митинги өтүп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысы Калмырза Кожомкулов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук түзүмдөр, Апрель баатырлары жана алардын үй-бүлөлөрү, ардагерлер кеңешинин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы 7-апрелдин тарыхтагы ордуна, өлкөнүн бүгүнкү күндөгү өнүгүү жолуна тийгизген таасирине токтолуп, коогалаңдуу окуяда окко учуп каза болгон Чолпонбек Мусаев, Акылбек Турсуналиев, Чыңгыз Актановду эскерди.

Мектеп окуучулары тарабынан 7-апрель коогалаңын чагылдырган сценка көрсөтүлүп, ырларды көркөм окушту. Эстеликке гүл коюлуп, залп атылып, курман болгондорго багышталып куран да окулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1037
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×