Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Токмокто кызмат учурунда каза болгон милициянын сержанты Т.Абдрахмановдун жаркын элесине арналган самбо мелдеши өттү

Turmush -  Токмок шаарындагы спорт комплексинде кызмат учурунда каза болгон милициянын сержанты Тынчтык Абдрахмановдун жаркын элесине арналган самбо боюнча мелдеш өттү.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган спорттук мелдешке Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жана өз алдынча кызматтардын спортчуларынан түзүлгөн 11 команда катышты.

«Бул спорттук таймашка маркумдун жакын туугандары да чакырылган. Спорттук мелдеш 62, 68, 74, 82, 90, 100 килограмм жана 100 килограммдан жогорку салмак чен бирдигиндеги балбандардын ортосунда болду. Ар бир балбандын даярдыгы жогорку деңгээлде болгондуктан күрөш атаандаштык менен өттү», - деп айтылат маалыматта.

Мелдештин жыйынтыгында командалык эсеп боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын командасы 3-орунду ээлесе, Чүй РИИБдин командасы 2-орунга чыкты. Ал эми 1-орунду Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын командасы жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар, андан сырткары акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңишке жеткен командалардын чечими менен акчалай сыйлыктар маркум Тынчтык Абдрахмановдун жакындарына берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги К.Жумаев кызмат учурунда каза болгон милициянын кызматкери Тынчтык Абдрахмановдун мыкты сапаттарын айтып, мындай эр жүрөк уулду тарбиялаган маркумдун апасына жана жакындарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Т.Абдрахманов жумуштун кызыкчылыгы үчүн өз өмүрүн аябаган тайманбас, эр жүрөк жана кыргыз элинин сыймыктанган уулу катары ички иштер органдарында анын ысымы эч качан унутулбай, түбөлүк сакталып калаарын кошумчалады.

2015-жылдын 8-ноябрында болжол менен саат 16:45 чамасында Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулардан Токмок шаарындагы айланма жолго жакын жайгашкан каналдан бейтааныш аял кишинин сууга агып баратканы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Токмок ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Алгачкылардан болуп жеткен кызматкерлердин арасынан Тынчтык Абдрахманов бейтааныш аялды куткаруу үчүн сууга секирип түшкөн. Бирок суу жогорку ылдамдык менен аккандыктан, Тынчтык Абдрахманов да бейтааныш аял менен чогуу сууда агып, ошол боюнча алардын жансыз денелери каналдын Чу суусуна кошулган жеринен табылган.

Тынчтык Абдрахманов 1989-жылдын 12-октябрында Чүй районунда туулган. Ички иштер органдарында 2013-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Маркумдун артында эки баласы калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×