Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 8 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Панфилов районунун Кайыңды шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен 30 чарчы метр дубалы, жумшак эмерек жана жыгач эмеректер күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрттү от менен ойногон балдар тутанткан.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Сокулук районунун Сокулук айылында турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 401
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×