Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Сокулуктун мурдагы акими Б.Саткеевди эмгек жамааты жорго мингизип узатышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун мурдагы акими Болот Саткеевди эмгек жамааты жорго мингизип узатышты. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын аппараты, түзүмдөрдүн жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары мурунку аким Саткеев Болот Жантайбековичке жорго мингизип, бата берип узаттык. Узатуу аземине жаӊы дайындалган аким Таалайбек Корголдоев да катышты», - деп билдиришти райадминистрациядан.

Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Саткеев Болот Жантайбекович ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна төрт жолу Күн-Туунун жетекчиси болгон Таалайбек Корголдоев келген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1955
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×