Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 05.04.2018 14:43

Аламүдүндө мурда соттолгон адам уурулукка шектелип кармалды

Turmush -  Аламүдүн районунда мурда соттолгон адам жергиликтүү тургундун буюмдарын уурдоого шектелип кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Пригородное айылынын 32 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнүн кулпусун сындырып киришип, үйүндөгү түстүү сыналгысын жана жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 50 миң сомду түзгөн.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (ууроо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын 35 жаштагы Ш.Т. аттуу жашоочусу кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран мурда соттолгондугу маалым болуп, ал Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча, Маевка айылдарында катталган уурулуктарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×