Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Эгиздер: Тиш дарыгеринен корккон Алиман өзүнүн ордуна Баяманды киргизип, анын тишин жулуп салышкан (фото)

Turmush -  Кемин районунун Самансур айылындагы 9 жаштагы Мусаева Алиман менен Мусаев Баямандын эгиз экенин апасы кош бойлуулуктун төртүнчү айында билген.

Апасы Гүлзада Тагаеванын айтымында, алардын тукумунда эгиздер болгон эмес.

«Кош бойлуулуктун төртүнчү айында балдарым эгиз экенин билгем. Бирок апама эгиз деп айткан эмесмин. Себеби оор болуп, кыйналып көтөрдүм. Алар 6 ай болгондо айтсам "өзүң төрөй албайсың" деп кабатыр болду. Ал "операция жолу менен 7 айлык кылып төрөсөң деле болот" деп мени көндүрүүгө аракет кылды. Эне да, ал менин кыйналганымды көрүп аяды. Ал эми өзүм балдарымды тогуз ай болгондо төрөлүшүн кааладым. Апама айтпай, Ысык-Көлгө жолдошума кетип калдым. Толгоом келгенде коркуп, түнү менен Кеминге апама жөнөдүм. Апам жолдо күтүп турган экен, саат таңкы 06:00дө жеттик. Түз эле дарыгерге барып, саат 06:15те алгач 1 кг 700 грамм салмак менен Алиман төрөлдү. 5 мүнөттөн кийин 1 кг 900 грамм салмакта Баяман жарык дүйнөгө келди. Балдарыма ысымды 90 жаштагы таенем ыйгарды. Аларды жалгыз бага алмак эмесмин. Себеби алар абдан кичинекей болчу. Апам, сиңдим жардам берип жүрүштү. Алиман жоош болсо, Баяман ыйлаак жана чыр болчу», - деди ал.

Алиман тиш дарылатуудан коркуп, өзүнүн ордуна дарыгерге Баяманды киргизип жиберген.

«Апам кышында биздин үйгө келип, Алимандын тишинин астынан өсүп жаткан сүт тишти жулдуруу үчүн дарыгерге барган. Аларды Баяман да ээрчип алган эле. Апам дарыканага кирип, бир аз кармалып калган экен. Алиман коркуп, тиш доктурга Баяманды өзүнүн ордуна киргизип коюптур. Баямандын курт жеген тиши бар болчу, бирок аны жулдуралы деген эмеспиз. Доктур жулуп салгандан кийин, "биз сизге кызыбызды көрсөттүк" десек, "билбейм балаңар кирди" деп жооп берген. Бул окуядан кийин абдан күлдүк. Бирок Алиман да тишин жулдурган.

Балдарым бири-бирин кызганат, ошондуктан мектепте чогуу жүрүп, чогуу отурушат. Урушушпайт, бирок таарынышып кетишет. Ошондой эле бири ооруса экинчиси да ооруйт. Баяман спортко кызыгып, дайыма үйдө, мектепте бокс жана күрөш менен машыгат. Алиман дарыгер болгусу келет, себеби өзүнүн дене табы көтөрүлүп, көп ооруйт. Ал бий ийримине да катышат.

Эгиз менен жалгыз баланы баккандын айырмасы чоң. Мисалы, мен апамдын жардамы менен 6 ай бактым. Келечекте үй алып, балдарым менен чогуу жашап, балдарыма энелик мээрим берип, билимдерин өркүндөтүүгө шарт түзүп берүүнү каалайм», - деди ал.

Эгиздер учурда О.Коңурбаев атындагы орто мектебинде 3-класста билим алып жатышат. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1218
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×