Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Чүй облусуАламүдүн району 05.04.2018 10:04

Аламүдүндүн Лебединовка айылында 7-апрелде каза болгондорго куран окутулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорго куран окутулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов курман болгон 41 жарандын жакындарына 5 миӊ сомдон акчалай жардам көрсөттү.

«Апрель революциясына өмүрүн бергендердин өрнөгү баарыбызга сабак. Алар Кыргызстанда адилеттик болсун деп, өлкөдө акыйкаттык система орносун деп жанынан айрылышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×