Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуКемин району 05.04.2018 08:20

Таштанбек Ибраимов Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Таштанбек Ибраимов Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчылыгына Таштанбек Ибраимов жалгыз талапкер болуп, ага айылдык кеңештин 11 депутатынын ичинен 7 депутат өз добуштарын беришсе, эки депутат каршы болгон.

Ибраимов Таштанбек 1965-жылы Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Кесиби боюнча экономист.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×