
Turmush - Бактыбек Абласов Кемин районуна караштуу Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалым болгондой, Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер ат салышып, Бактыбек Абласов 6 добуш, Эдилбек Исаков 5 добушка ээ болушса, Эрмек Алиев менен Максат Дүйшенбек уулу бир дагы добушка ээ болушкан эмес.
Абласов Бактыбек 1961-жылы Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча экономист.