Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды

Turmush -  Сокулук РИИБине караштуу Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Р.Н. пара алууга шектелип кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 22-мартта Чүй облусунун Сокулук РИИБдин кызматкери кызматын кыянаттык менен колдонуп, автоунаасынын ичине баңгизат каражатын таштап, андан соң опузалоо менен 35 миң сом өлчөмүндө пара алгандыгын билдирген. Андан кийин баңгизатын мыйзамсыз сактоо боюнча кылмыш ишин оң жакка чечип берем деп 15 миң сом акча каражатын алып келүүнү талап кылган.

Кечээ, 3-апрелде болжол менен саат 19:00 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук районунун Шопоков шаарынын Фрунзе көчөсүнөн Сокулук РИИБине караштуу Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Р.Н.дин «Тайота Аурион» үлгүсүндөгү автоунаасынан атайын белгиси бар жабырлануучудан алган 15 миң сом акча каражаты табылган.

Милициянын майору Р.Н. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына иликтөө үчүн жеткирилди.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, кийинки иликтөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына тапшырылды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 890
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×