Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 03.04.2018 16:30 На русском

Төрт жолу Күн-Туунун жетекчиси болгон Таалайбек Корголдоев Сокулуктун башчылыгына дайындалды (фото)

Turmush -  Таалайбек Корголдоев Ишенбекович Сокулук районунун башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 3-апрелде кол койду.

Буга чейин Таалайбек Корголдоев Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан. Ал бул кызматка 4-жолу шайланып келген болчу.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-ZxoBacecuuT

Буга чейин Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Саткеев Болот Жантайбекович ээлеген кызматынан бошотулган болчу. Ал тууралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-мартта билдирген.

Өмүр баяны:

Таалайбек Корголдоев 1968-жылы Күн-Туу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун атасы.

Билими:

- 1992-1997-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынан зооинженер кесибин аяктаган;

- 2014-2017-жылдары Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынан билим алып чыккан.

Эмгек жолу:

- 1968-жылы Киров атындагы Садоводческ совхозунда жөнөкөй жумушчу болуп эмгек жолун баштаган;

- 1986-жылдан 1992-жылга чейин ушул эле совхоздо айдоочу, андан соӊ 2000-жылга чейин бригадир болуп эмгектенген;

- 2000-2010-жылдары «Ишенбек» айыл чарбасында эмгектенген;

- 2010-2011-жылдары Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу;

- 2011-2013-жылдары Күн-Туу айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Андан соӊ 3 жолу ушул эле айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланып, иштеп келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×