Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Жайылда иш таштоого чыккан айдоочулар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолукту (видео, фото)

Turmush -  Жайыл районунун «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда май ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштоо акциясын улантышууда.

Айдоочулардын айтымында, аталган аймакта 5 күндөн бери турушат. Алардын иш таштоосуна республиканын түштүгүнө жеткирилүүчү күйүүчү майдын көлөмү себеп болгон.

Иш таштоо акциясынын катышуучулары менен бүгүн, 3-апрелде өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э.Ашырбаев, Жайыл районунун акиминин орун басары Н.Алыбаев, Жайыл РИИБдин жетекчиси жана башка кызматтардын өкүлдөрү жолугушту.

Э.Ашырбаевдин айтымында, тиешелүү түзүмдүн өкүлдөрү айдоочулардын суроолоруна жооп берүүгө даяр.

Буга чейин Жайыл районунун Сосновка айылында май ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштоо акциясына чыгышкандыгын Tazabek басылмасына Нефтепродукттарды ташуучулар бирикмесинин жетекчиси Чолпонбек Жамбоев билдирген.

Айдоочулардын иш таштоосуна 1-апрелден тарта кооптуу жүктөрдү ташууда жарандык жоопкерчиликке камсыздандыруунун киргизилиши себеп болду. Анда салмагы 20 тоннадан ашкан унааларды камсыздандыруунун баасы бир жылга 60 миң сомду түзөт.

«Бул акыйкатсыз мыйзам. Биз иш таштоо боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облусу боюнча бөлүмүнө, Чүй облустук администрациясына, укук коргоо органдарына, президенттин администрациясына билдирүү жөнөттүк», - деди ал.

Ч.Жамбоев белгилегендей, айдоочулар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Салмак көлөмдү көзөмөлдөө департаментиндеги коррупцияны жок кылууну талап кылышууда.

Андан кийин Turmush басылмасы айдоочулар камсыздандырууга 60 миң сом көлөмдөгү каражатты төлөөгө каршы эместигин, мыйзам долбоорун дагы жакшылап иштеп чыгуусун жана ал жерге айдоочуларды, жүк ташуучу жана жеңил унааларды камсыздандырууну киргизүүнү суранып жатышкандыгын жазган. Мындан тышкары айдоочулар камсыздандыруу компанияларын мамлекет карап жана салмак-габариттик көзөмөлдөөнүн ишине көңүл буруу керектигин айтышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1228
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×