Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Замир Бейшекеев Аламүдүн районунун прокурору болуп дайындалды (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун прокурору болуп Бейшекеев Замир Кубанычбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Индира Жолдубаева кол койду.

Буга чейин бул кызматта Кубат Абдраимов иштеп турган.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-3R1mXHumYL

Өмүр баяны:

Бейшекеев Замир Кубанычбекович 1978-жылы 20-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Юридикалык жогорку билимдин ээси.

Эмгек жолу:

- 2000-2005-жылдары Нарын облустук прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;
- 2005-2010 -жылдары Кемин районунун прокурорунун орун басары;
- 2010-2011-жылдары Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2011-жылдан азыркы күнгө чейин Сокулук районунун прокурорунун орун басары болуп иштеп келген.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 564
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×