Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Кеминде «Таза жашоо» кампаниясы башталды (фото)

Turmush -  Кемин районунда «Таза жашоо» кампаниясынын алкагында өтө турган бир топ иш-чаралардын планы түзүлүп, аткарыла баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, план боюнча «Бүтүрүүчүлөрдөн белек» аттуу иш-чарада ар бир бүтүрүүчү айылына же мектебине көчөт отургузуп же гүл тигет. Ал эми 1-класстан 8-класска чейинки окуучулар «Таза аба — ден соолук булагы» деген ураандын астында класстык бөлмөлөргө гүл челектерге гүл отургузушат.

Мындан тышкары мектеп окуучулары өз айыл жана шаарларында тазалоо иштерин гана жүргүзбөстөн «Үгүт» тайпаларын түзүп, жашоочуларды таза жашоого үндөө иштерин да жүргүзүшөт.

Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде ишембилик өткөн жумада өткөрүлүп, «Таза жашоо» акциясы жүргүзүлүп, окуучулар айыл жашоочуларын «Менин айылым эң таза айыл» акциясына катышууга чакырышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 680
Көп окулду
×