Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Токмоктон унаа уурдаган 16-17 жаштагы шектүүлөр кармалды

Turmush -  Токмоктук тургундардын унааларын уурдоого шектелип 16-17 жаштагы чүйлүк жашоочулар кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-мартта Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 54 жаштагы К.Л. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 9-марттан 10-мартка караган түнү белгисиз адамдар анын короосунда токтоп турган «Ауди-80» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкенин билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен аталган автоунаа табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Мындан тышкары Токмок шаарынын 38 жаштагы Ш.Т. аттуу жашоочусу Токмок ШИИБге кайрылып, 9-марттан 10-мартка караган түнү үйүнүн жанында токтоп турган «Дэу Лабо» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап айдап кеткенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде аталган унаа Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен бакты сүзүп токтогон жеринен табылган.

Жогорудагы окуялар буюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Републикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин кылдат жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында унаа уурдоого шектүү катары Чүй облусунун 17 жаштагы С.А. жана 16 жаштагы Ю.Р. аттуу жашоочулары кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 746
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×