Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Фото — Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен 29 жаштагы айдоочу кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн унаанын айдоочусун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, белгисиз унаанын айдоочусу кечээ, 1-апрелде саат 05:00 чамасында Панфилов районунун Кум-Арык айылында жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен аталган айылдын 44 жаштагы тургуну М.Н. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Аталган факты Панфилов РИИБге катталып, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү деп 29 жаштагы Ж.Б. кармалып, «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унаа табылды. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 853
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×