Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 02.04.2018 13:56

Жайылда эки жигит 29 жаштагы теңтушунун өлүмүнө шектелип кармалышты

Turmush -  Жайыл районунда 29 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип жергиликтүү эки жигит кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 15-февралда Жайыл районундагы айылдардын биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон кишинин өздүгүн аныкташкан. Натыйжада ал 29 жаштагы П.А. аттуу жергиликтүү тургун экендиги аныкталган.

Өлүмдүн себептерин аныктоо максатында Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында каза болгон тургун баш мээсине жаракат алганы аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Жайыл райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы А.З. жана 29 жаштагы К.К. аттуу жергиликтүү тургундар кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 29 жаштагы П.А. тааныш балдары менен бирге эс алып отуруп, спирт ичимдиктерин ичишип, уруша кетишкен. Анын кесепетинен 29 жаштагы П.А. башына жаракат алып каза болгон.

Кармалган тургундар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×