Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Сосновка айылында май ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштоо акциясына чыгышты (видео, фото)

Turmush -  Жайыл районунун Сосновка айылында май ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштоо акциясына чыгышты. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Нефтепродукттарды ташуучулар бирикмесинин жетекчиси Чолпонбек Жамбоев билдирди.

Айдоочулардын айтымында, саат 09:30га карата акцияга 80 май ташуучу унаанын айдоочулары чогулду. Ал бүгүнкү иш таштоо акциясына 100дөн ашык унаанын айдоочулары катыша турганын белгиледи. Айдоочулардын иш таштоосуна 1-апрелден тарта кооптуу жүктөрдү ташууда жарандык жоопкерчиликке камсыздандыруунун киргизилиши себеп болду. Анда салмагы 20 тоннадан ашкан унааларды камсыздандыруунун баасы бир жылга 60 миң сомду түзөт.

«Бул акыйкатсыз мыйзам. Биз иш таштоо боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облусу боюнча бөлүмүнө, Чүй облустук администрациясына, укук коргоо органдарына, президенттин администрациясына билдирүү жөнөттүк», - деди ал.

Ч.Жамбоев белгилегендей, айдоочулар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Салмак көлөмдү көзөмөлдөө департаментиндеги коррупцияны жол кылууну талап кылышууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1618
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×